Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Киевде ыктыярчы Олексий Кучапиндин өлүмүн иликтөөнү талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Киевде 24-июлда ондогон киши Ички иштер министрлигинин жанына пикетке чыгып, белгилүү ыктыярчы Олексий Кучапиндин табышмактуу өлүмүн иликтөөнү талап кылышты. 39 жаштагы Кучапин селсаяктарга жардам берген бейөкмөт кайрымдуулук уюмун жетектечү. Анын сөөгү 22-июлда башкалаадагы үйүнөн табылган. Ага чейин маркум алты күн дайынсыз болуп жаткан. Полиция зомбулуктун издери жок экенин маалымдап, ал өз жанын кыйган болушу мүмкүн деген божомолду айткан.

Пикетке чыккандар окуя "адам өлтүрүү катары иликтениши керек" деген талабын айтышты. Кучапиндин досу жана кесиптеши акыркы мезгилде ал адам аткезчилердин тузагына түшкөн жаш кыздарга жана алданып батирлеринен кол жууп калган карыларга жардам берүү менен алектенип жүргөнүн айтып берди.

Маркум белгисиз адамдардын коркутууларына туш болгону ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG