Москва шаарынын полициясы армян жана азери жамааттарынын бир нече кагылышуусунан кийин 25 кишини кармап кетти. Эки кылмыш иш козголгонун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Кармалгандар кайсы улуттагылар экени айтылбайт, бирок алардын ыктымал экстрадициясы тууралуу эскертилди.
Жума күнү орусиялык бир катар маалымат каражаттары башкалаада бир нече кагылышуу болгонун жазышкан. Мисалы, “Братиславская” метросунун, азери ресторанынын жанында жана Нижние поля көчөсүндө калайман мушташ болгону кабарланган. "РБК" агенттиги ошондой мушташтардын бирине 50дөй киши катышканын билдирди.
Орусиядагы азербайжандар уюмунун вице-президенти Элунур Гусейнов Санкт-Петербург шаарында жана Тюмен облусунда да мушташ болгонун айтты. Жаңжалдар тууралуу Армениянын Москвадагы элчилиги жасаган билдирүүдө да маалымдалат.
Июлдун ортосунда Армения менен Азербайжандын чек арасында бир нече куралдуу кагылышууда ондогон киши мерт кеткен. Тараптар эскалация үчүн бири-бирин айыпташууда.
Буга чейин эки улуттун өкүлдөрү Лондон, Брюссель, Лос-Анжелесте да жаңжалдашканы жөнүндө кабарлар чыккан.