Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Кыргызстанда COVID-19 жуккан медициналык кызматкерлердин саны 2600дөн ашты


Бишкек. Күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгер.
Бишкек. Күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгер.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 53 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 25-июлда онлайн брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен эң көбү Ош облусунда – 16 дарыгер. Баткен облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда беш, Ысык-Көлдө эки жана Жалал-Абад, Талас облусунда бирден дарыгерлер.

Бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан, мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 633 учур катталды, алардын ичинен 1 305 медкызматкер айыкты.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустан 30га чукул медициналык кызматкер каза болду. Журналисттердин эсептөөсүндө, алардын саны 50дөн ашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG