Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

COVID-19: Кыргызстанда 30-июль аза күтүү күнү деп жарыяланат


Өлүккана. Иллюстрациялык сүрөт.
Өлүккана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу 30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты.

«30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү жарлык чыгат, буйруса», - деди өлкө башчы.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 25-июлга чейин COVID-19 илдети 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду. Алардын арасында өлкөнүн ар кыл тармактарынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон көптөгөн инсандар, дарыгерлер бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG