Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Аксыда жаштар ооруканага керектүү жабдыктарды сатып беришти


Аксыда жаштар медициналык каражаттарды тапшырып жатат. Июль 2020-жыл.
Аксыда жаштар медициналык каражаттарды тапшырып жатат. Июль 2020-жыл.

Аксы районунда уюшулган демилгелүү жаштар өз ара 800 миң сом каражат чогултуп, райондогу ооруканаларга керектүү жабдыктарды сатып беришти. Ыктыярчы жаштардын катарында чет жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттары жана жергиликтүү активисттер да бар.

Жаштар «Аксыга жардам» тобун түзүп, медициналык жабдык, дары-дармек жагынан көмөк көрсөтүүнү чечишкен. Демилгени чет өлкөдө жашап, иштеген жаштар да колдоого алган. Чогулган каражатка тогуз даана кычкылтек концентраторун, дары-дармек жана коргоочу кийимдер алынып, райондогу 11 айыл өкмөттөгү ооруканаларга таратылды. Жаштар бул демилгесин алдыда дагы улантышат.

Облуста бүгүнкү күнгө чейин 957 адамдан коронавирус илдети аныкталса, пневмонияга кабылгандардын саны 1257 кишини түздү. Соңку маалыматтарга ылайык Сузак, Аксы жана Ноокен райондорунда бейтаптар көп катталган. Учурда 332 адам үй шартында дарыланып жатса, аймактардагы ооруканаларда 687 бейтап медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө жатат.

Облуста COVID-19дан 17, ал эми пневмониядан 90 адам көз жумду. (RsK)

XS
SM
MD
LG