Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 28 бейтап каза болду. Бул тууралуу 26-июлда Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.
Каза болгондордун көбү Бишкекте - сегиз, Жалал-Абад облусунда беш адам, Чүй менен Ысык-Көл облусунда төрттөн киши, Ош облусу, Ош шаары жана Баткенде экиден, Нарында бир адам каза болду.
Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 689 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 185 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 32 813 адамга жукту, алардын 20 388и айыгып чыкты, 1 277и каза болду.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (BTo)