Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:07

Өкмөттө медицина кызматкерлерине кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү


Кыргызстандык дарыгерлер.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлеринин айлык акысын убагында берүү маселесин чечүүнү тапшырды. Мындан тышкары аларга кенемте төлөп берүү маселесин да көтөрдү. Бул тууралуу ал республикалык штабдын 26-июлдагы жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин 21-июлдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирусту иш ордунда жугузган медицина кызматкерлери мамлекеттен кенемте ала элек. Каза болгон дарыгерлердин канчасынын үй-бүлөсүнө материалдык жардам төлөнгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

Оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөө тууралуу чечим өкмөттө май айынын башында кабыл алынган.

26-июлга карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 2 661ге жетти, алардын 1384 айыгып чыкты.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустан 30га чукул медициналык кызматкер каза болду. Журналисттердин эсептөөсүндө, алардын саны 50дөн ашты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG