26-июлда Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча Орусиядан 410 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында 17 бала бар.
Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб тараткан маалыматка караганда, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түзүп чыккан.
Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, кош бойлуу аялдар, оорулуу адамдар келди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ушул жылдын 20-мартынан бери авиакаттам жана автобус менен Кыргызстанга 20 миге жакын адам келгенин кабарлаган. (BTo)