Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү алмашары кабарланды


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин ордуна Балбак Түлөбаев дайындалганын, ал облустук администрациянын жамаатына 27-июлда тааныштырыларын өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев “Азаттыкка” билдирди.

Мындай маалыматты өкмөттүн аппараты бышыктай элек. Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүн алмаштыруу тууралуу буйрук чыгарган-чыгарбагандыгы да беймаалым.

Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп келаткан. Ага чейин “Аю Холдинг” ишканасынын вице-президенти болуп иштеген.

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 2018-жылдын август айында дайындалган. Анын кызматтан кетүү себеби белгисиз. (KS/ZKo)

XS
SM
MD
LG