Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Министр: Тажикстанда коронавирустан дарыгер өлүмү катталган жок


Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода.
Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода.

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода өлкөдө ооруканаларда бир да дарыгер коронавирустан өлбөгөнүн билдирди. Ал 24-июлда басма сөз жыйынында мекеменин статистикасы гана так боло аларын белгиледи.

«Жумуш ордунда бейтаптарды коронавирустан дарылоо учурунда, илдет жугуп жана андан каза болгон дарыгерлер болгон эмес. Тажикстандын башка жөнөкөй жарандары сыяктуу эле дарыгер гигиенанын жоктугунан жана санитардык-эпидемиологикалык нормалардын сакталбагандыгынан улам көчөдө, үйдө жана эл көп чогулган жайларда оору жугузуп алышы мүмкүн», - деди министр.

Жамолиддин Абдуллозода журналисттин COVID-19 менен ооруп калган дарыгерлер тууралуу суроосуна жооп берген жок. Ошол эле учурда Тажикстанда «коронавирус жуккандар дарыланып жаткан медициналык мекемелерде бир да дарыгер коронавирустун айынан каза боло элек» экенин дагы бир жолу кошумчалай кетти.

Анын сөзү боюнча «Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги берген статистика гана туура жана так боло алат».

«Кээ бир сайттарда жана соцтармактарда каза болгондордун туугандары чогулткан статистика анык эмес, анткени лабораториялык анализдерсиз эч ким тактай албайт», - деп билдирди Абдуллозода.

Саламаттык сактоо министри Тажикстанда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканын билдирди. Бирок эпидемиянын экинчи толкуну болушун эсепке алыш керек экенин кошумчалады.

«Озоди» радиосунун редакциясы өзүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык так маалымат чогултуп, июндун аягына карата 152 адам коронавирустук инфекциядан каза болгонун далилдеп бере алды. Ал эми расмий маалымат боюнча, Тажикстанда 52 адам гана COVID-19 кесепетинен улам каза болгон. Бул журналисттердин маалыматынан үч эсе аз. Ошондой эле изилдөөчүлөр болжол менен коронавирустан каза болгон 442 адамдын атын жарыялашты. Бул маалыматка ылайык, болжолдуу түрдө COVID-19дан жапа чеккендердин көпчүлүгү - медицина кызматкерлерлери менен мугалимдер. Мисалы, бир эле Хатлон облусунда медицина тармагында иштегендерден 26сы каза болгону катталып, расмий документтерде өлүмдүн себеби пневмония деп көрсөтүлгөн, экөөндө коронавирус табылган.

5-июлда Коженттеги төрөт үйүнүн башкы дарыгери каза болду. Ал жерде коронавирус менен ооругандар дарыланып жаткан. Анын өлүмүнөн соң оорукана карантинге жабылды. COVID-19дан каза болгондордун расмий статистикасына кирбей калгандардын көбүнө «пневмония» диагнозу коюлуп, бирок бейтапты токтоосуз карантинге жиберишкен.

Ошондой эле маалымат каражаттары COVID-19ду дарылаган ооруканаларда коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин жазышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясы менен 7060 адам ооруп, 58 адам каза болду. Тажикстан коронавирус илдетине чалдыккандар тууралуу алгачкы маалыматты 30-апрелде гана билдирген.

XS
SM
MD
LG