Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Коронавирустан дагы үч тажрыйбалуу дарыгер каза болду


Гүлжамал Жумабаева, Сарбагыш Иманалиев жана Бегайым Исакова. (Солдон оңго)
Гүлжамал Жумабаева, Сарбагыш Иманалиев жана Бегайым Исакова. (Солдон оңго)

Кыргызстанда коронавирустан акыркы эки күндө бир реанимотолог, эки терапевт дарыгер каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын жакындары жана кесиптештери кабарлашты.

25-июлда 64 жашында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова көз жумду. Ал 1956-жылдын 6-июнунда Бишкекте туулган. Медицина академиясын 1979-жылы аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, эмгек жолун ушул ооруканада терапевт дарыгер болуп баштаган. 1996-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул медициналык жайдын чукул терапия бөлүмүн башкарып турган.

26-июлда 67 жашында коронавирустан Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева көз жумду. Кесиптештери «Азаттыкка» кабарлашкандай, Жумабаева 1953-жылдын 25-майында Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.

Бүгүн, 27-июлда 60 жаш курагында Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Маркумдун уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан. Абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген. Иманалиев 1960-жылы 15-августта Кочкордо туулган. 1984-жылы Медициналык академияны аяктап, 1985-жылы Ысык-Көл райондук ооруканасында биринчи реаниматолог болуп иштей баштаган. Бул ооруканада өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин башкы реаниматолог болуп эмгектенген.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин сегиз медицина кызматкери каза болгонун кабарлаган.

Расмий эмес эсеп боюнча, кайтыш болгондордун саны 60ка чукулдады.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондоруна бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (KS/RK)

XS
SM
MD
LG