Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Евробиримдик Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырды


Укук коргоочу Азимжан Аскаров.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров.

Евробиримдик 27-июлда өмүр бою эркинен ажыратылган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. Уюмдун Тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин билдирүүсүндө Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарга карабай анын абакта каза болуп калышы өкүнүчтүү экени айтылган.

«Анын (ред.: Азимжан Аскаровдун) өлүмүнүн жагдай-шартын, өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта кармалганын иликтөө өтө маанилүү», деп жазылган билдирүүдө.

Евробиримдик Азимжан Аскаров камакка алынган 2010-жылдан бери ага карата соттук жараяндарга көз салып келгенин, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин бүтүмүнүн негизинде Кыргызстандын бийлигин бир нече ирет укук коргоочуну бошотууга чакырганын, анын саламаттыгынын начарлашына байланыштуу тынчсыздануу билдиргенин эске салды.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлады.

Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратты. (NT)

XS
SM
MD
LG