Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Коронавирус үчүн ачылган орундардын 1,4 миңи бош турат, ооруканаларда 11 миңдей бейтап жатат


Иллюстрациялык сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.

Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн кошумча ачылган жайларда 27-июлда эртең мененки саат 8:00ге карата 1 400 орун бош турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мурдагы «Ганси» авиабазасында 517, Воронцовка айылындагы Курортология жайында 190, Улуттук госпиталда 162, «Discovery» жана «Rixon» мейманканаларында, «Ынтымак» медресесинде жана башка жайларда 11ден 99га чейинки сандагы бош орун бар.

Министрлик бош орундар тууралуу маалыматын 23-июлдан тартып күн сайын жарыялай баштады. Бул күнү жалпысынан 1 190 орун бош экени айтылган.

Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандар өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган.

Дарыгерлер соңку аптада борбор калаада эпидемиологиялык абал жеңилдегенин, бирок коронавирустун өзгөчөлүгүн эске алганда коргонуу иштери токтобошу керек экенин айтып жатышат.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 33 296 адамга жукту, алардын 21 205и айыгып чыкты, 1301и каза болду.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG