Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүп жатканын эскертти.
Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мекеме күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырды.