Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ооганстанда жыл башынан бери 1300дөй жайкын тургун көз жумду


Герат провинциясындагы аба чабуулунан курман болгондордун жакындары. Ооганстан.
Герат провинциясындагы аба чабуулунан курман болгондордун жакындары. Ооганстан.

Ооганстанда 2020-жылдын алгачкы жарымында 1282 жайкын тургундун өмүрү кыйылды, эки миңден көбү жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы атайын миссиясы 27-июлда жарыялаган баяндамада жазылган. Курмандыктардын арасында 340 бала бар.

«Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы сүйлөшүп, тынчтык келишимине кол коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк бар кезде, каргашалуу окуялар уланып, карапайым адамдарга зыяны тийип жатат», - деп билдирди БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс.

Баяндамага ылайык, Маркумдардын 58% өлүмүнүн артында «Талибан» кыймылы же «Ислам мамлекети» террордук тобу турат. Ал эми өкмөттүк күчтөр каза тапкандардын же жабыркагандардын 28% үчүн жоопкер.

Быйылкы көрсөткүч 2019-жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу 13% көбөйгөн.

Ушул тапта Ооганстандагы тынчтык орнотуу жараяны Кабул менен талибдердин ортосундагы туткундарды бошотуу маселеси боюнча келишпестиктен улам туңгуюкка кептелип турат.

АКШ менен «Талибандын» быйыл февраль айында түзгөн тынчтык келишимине ылайык, Кабул абактардан беш миң талиб жоочусун бошотмок, «Талибан» болсо миңдей кишиге эркиндик бермек.

XS
SM
MD
LG