Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

«Туңгуч» театрынын башкы директору Садыр Назаров дүйнөдөн кайтты


Садыр Назаров.
Садыр Назаров.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 26-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун жакындары ал сегиз айдан бери инсульттан улам төшөктө жатканын билдиришти.

Садыр Назаров 1937-жылы Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп иштеген.

1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги «Туңгуч» театрын жетектеп келген.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер кол койгон некрологдо:

«Туңгуч» театрынын тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африка мамлекеттерине чейин таанылышына Садыр Назаровдун кошкон салымы зор», деп белгиленген.

Садыр Назаров «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматованын өмүрлүк жолдошу болчу.

Маркумдун сөөгү 27-июлда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылына коюлат. (MSd)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG