Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот 29-июлга жылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-октябрь, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-октябрь, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү 29-июлга жылды. Бүгүн 27-июлга белгиленген жараянда айыпталып жаткандардын келбей калганына байланыштуу отурум жылганын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Текебаев жана Чотонов, адвокаттар алардын эмне себептен сотко келбегени тууралуу маалымат бере элек.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Эки саясатчы өздөрүнө коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Жогорку сот былтыр ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу караган. 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Ишти жаңы жагдайлардан улам кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG