Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:59

Караколдо милиционерлер үчүн күндүзгү стационар даярдалды


Караколдогу «Динамо» спорт ордосунда күндүзгү стационар ачылууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы коронавируска чалдыккан милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар даярдады. 27-июлда Караколдогу «Динамо» спорт ордосунда ачылган резервдик стационарда түзүлгөн шарт менен облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев таанышып чыкты.

Асанбаев белгилегендей, эгерде кызматкерлер арасында оору тез жайыла турган болсо 20 орунга эсептелген стационар ишке кирет. Ал жерде башкармалыктын медицина кызматынын дарыгерлери жана медайымдары иштешет.

Соңку маалыматка караганда, азыркы учурда 48 милиционер өпкөсүнөн кагынып ооруп жатат. Алардын бешөө ооруканада, калгандары жашаган жеринде дарыланууда. Мындан тышкары сегиз ардагер, милиция кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнөн 25 адам жана 15 эркин жалданма кызматкер амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 33 296 адамга жукту, алардын 2 199у Ысык-Көл облусунда, айыгып чыккандары 434 адам. (KS)

XS
SM
MD
LG