Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:03

Киев атышпоо режимин бузганы үчүн жикчилерди айыптады


Украиналык аскер. 16-июль, 2020-жыл.

Украиналык аскерлер өлкө чыгышындагы Орусиянын колдоосуна ээ болгон жикчилдерди бүгүн күчүнө кирген атышпоо режимин бузуп жатканы үчүн айыптады. Козголоңчулар бул дооматтарды четке кагып жатышат.

Атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну өткөн жумада Украина, Орусия жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму түзүшкөн.

Украин армиясынын маалыматына ылайык, жикчилдер режимди Уживка шаарынын жака-белинде бузушкан. Оор артиллерия менен аткылоого карабастан жабыркагандар болгон эмес. Донецкидеги жикчилдер бул маалыматтарды четке кагып жатышат.

Өлкө чыгышында кагылышуу башталган 2014-жылдан бери эки тараптын ортосунда 20дан көп жолу атышууну токтотуу аракети болгон. Алты жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуу 13 200дөй адамдын өмүрүн алды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG