Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:47

«Кыргызпочтасы» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айдар Мокенов оорудан каза болду


Айдар Мокенов

Коомчулукка финансы тармагы боюнча адис, кеңешчи катары таанылган жана бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген Айдар Мокенов 27-июлда узакка созулган оорудан кайтыш болду.

Жакындары маркумдун сөөгү 28-июлда жерге берилерин билдиришти. Маалыматка караганда, 57 жаштагы Мокенов көптөн бери ооруп жүргөн.

Мыкты финансист-адис катары таанымал Айдар Мокенов 1999-2001-жылдары «Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти болгон.

2005-жылы өкмөткө караштуу Маалымат ресурстары жана технологиялар агенттигин, 2012-2013-жылдары «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

2008-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү министринин орун басары кызматын аркалаган. Эмгек тажрыйбасында мындан башка бир топ кызматтарда иштеп, бир катар мекемелерде финансылык-экономикалык кеңешчи болгон.

Айдар Мокеновдун артында жубайы, төрт баласы калды. (NT)

XS
SM
MD
LG