Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Белгилүү cынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов дүйнөдөн кайтты


Кадыркул Даутов.
Кадыркул Даутов.

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 28-июлда узакка созулган оорудан улам 80 жашында дүйнө салды.

Бул туралуу адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан билдирди.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Даутовдун адабий сын жанрындагы алгачкы эмгектери 1960-жылдардын экинчи жарымынан кийин жаралган. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн.

Кадыркул Даутов «Ырдын өмүрү», «Жаңы чектерге» , «Главное – поиск», «Сөз өнөрүнүн эстетикасы» , «Таланттар жана тагдырлар» , «Тереңдиктер жана бийиктиктер» , «Адабий сын кантип жаралган?», «Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү», «Мезгил сыны жана мен», «Түркүн дүйнө элестеринен», «Издегеним тубаса акын, тунук поэзия» өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий- сын китептердин, монографиялардын автору.

Кадыркул Даутов 1978-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» мамлекеттик наамдары ыйгарылган.

Кадыркул Даутовдун тажиясы 29-июлда Бишкектеги үйүндө, 9-кичирайондо саат 11.00дө болот. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. (MSd)

XS
SM
MD
LG