Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбордо «Ден соолук плюс» деп аталган медициналык журналдын биринчи саны жарык көрдү.
Журналдын негиздөөчүсү Нурила Алтымышеванын айтымында, бул сан COVID-19 оорусуна каршы күрөшүүгө арналды.
Басылмада коронавирус дартын дарылоо боюнча борбор калаада, аймактарда күнү-түнү иштеген ак халатчандар менен маектер, ооруканадагы кыйынчылыктар, ийгиликтер тууралуу маалымат бар.
Алтымышева белгилегендей, журнал мындан ары дагы кыргыз медицинасындагы жаңылыктарды, ийгиликтерди, көйгөйлөрдү алып чыгып, дарыгерлердин талыкпаган эмгегин чагылдырууну улантат. Ошондой эле окурмандар үчүн ар кандай оорулар жөнүндө маалыматтар, дары чөптөр, пайдалуу кеңештер жарыяланат.
Журнал кыргыз жана орус тилдеринде үч айда бир жолу чыгарылып турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин 1960-жылдан бери чыгып келе жаткан «Ден соолук» расмий басылмасы да бар. Бул журнал ай сайын кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. (BCh)