Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

COVID-19: АКШда республикачылар жарандарга жардам көрсөтүүнүн жаңы планын сунуш кылышты


АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл. 25-март, 2020-жыл.
АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл. 25-март, 2020-жыл.

АКШ Сенатындагы республикачылар пандемияга байланыштуу америкалыктарга бир триллион долларлык жардам көрсөтүүнү сунуш кылышты.

Муну менен алар жумушсуздуктан жапа чеккен жана пандемиянын кедергисин тарткан америкалыктарга жардам берүүнү көздөп жатышат.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл өлкө пандемиядан толугу менен чыга элек маалда америкалыктар жардамга муктаж экенин айтты.

Республикачылар бул боюнча Ак үй менен макулдашууга жетишти, эми демократтар менен компромисс табышы керек.

Кошмо Штаттарда миллиондогон адамдар ушу тапта жумушсуздук боюнча кошумча жөлөк пул алат. 5-апрелден бери ишсиз калгандарга жумасына кошумча 600 доллардан төлөнүп жатат. Анын мөөнөтү 31-июлда аяктайт. Жаңы планга ылайык, жарандар мурдагыдай жумасына 600 доллардан эмес, 200 доллардан алышат.

Республикачылардын бул планын демократтар «жетишсиз» деп сындап чыгышты. Сенаттагы Демократиялык партиянын лидери Чак Шумер «Республикачылардын планы чала демделген чайдай, биздин маселелер күчтүүрөөк ичимдиктерге муктаж» деп айтты.

Кошмо Штаттар пандемиянын экономикалык кесепеттерин жумшартууга буга чейин 3,7 триллион доллар коротту. Анын алкагында ар бир салык төлөөчүгө 1200 доллардан жардам берилди.

XS
SM
MD
LG