Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Акматова: Медкызматкерлердин гуманитардык жардам алышына тыюу салынган жок


Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерине гуманитардык жардам алууга тыюу салган жок. Бул тууралуу мекеменин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 28-июлдагы басма сөз жыйынында билдирди. Ал дарыгерлерге ыктыярчылардан, ишкерлерден жана эл аралык уюмдардан жардам алууга тыюу салынганы тууралуу коомчулукта айтылып жаткан дооматтарды четке какты.

«Саламаттык сактоо министрлигинде гуманитардык жардамга тыюу салуу тууралуу эч кандай расмий жарлык же буйрук чыккан эмес. Мындай буйрук аймактарга да жиберилген жок. Биз клиникаларга, дарыгерлерге, негизи эле саламаттык сактоо тармагына тиешелүү көмөк көрсөткөн бардык ыктыярчыларга, ишкерлерге, эл аралык уюмдарга жана катардагы жарандарга чоң ыраазычылык билдиребиз», - деди Акматова.

Коомчулукта, социалдык тармактарда бийлик тараптан дарыгерлердин сырттан жардам алышына тыюу салынганы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкууланып жатат.

Коронавирус пандемиясынын күчөп кетишине байланыштуу июндун этегинен тартып Кыргызстанда дары-дармек, ооруканаларда керектүү жабдыктар жана орун жетишсиздиги күч алган.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Түркия, Орусия, Өзбекстан, Кытай сыяктуу мамлекеттерден гуманитардык жардам алды.

Мындан тышкары жергиликтүү жарандар, мигранттар, ишкерлер, ыктыярчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү акча чогултуп, медицина тармагына дары-дармек, жабдуу жактан жардам берип жатышат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 33844 кишиге жетти. Вирустан 1329 киши кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG