Түндүк Кореянын бийлиги 28-июлда чек арадагы Кэсон шаары карантинге жабылгандан кийин коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштерин катаалдаштырганын жарыялады.
«Түштүк Кореядан кайтып келген адам коронавирус менен ооруп жаткан болушу мүмкүн» деген маалыматтар чыкканда өлкө лидери Ким Чен Ын 26-июлда өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Бир кезде Түштүк Кореяга качып кетип, кийин кайтканы айтылган жарандын анализдеринде коронавирус бар экени ырасталса, ал бул мамлекеттеги расмий катталган биринчи учур болуп калышы мүмкүн. Байкоочулар вирус өлкөдө мурда эле жайылганын айтып жүрүшөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдиргендей, Түндүк Кореяда 16-июлга чейин 1200дөй адам тест тапшырып, алардын биринен да коронавирус табылган эмес.
Түндүк Кореяда саламаттык сактоо системасы абдан начар экени, ооруканаларда электр жарыгы, суу жок, дары-дармек жетишсиз экени айтылып келет.
Кийинки айларда ДССУ жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде Орусия Түндүк Кореяга медициналык жардам жиберген. Бирок алардын көбү Пхеньяндын өзүнүн чектөөлөрүнөн улам чек арада кармалып калган.