Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

29-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Кегети.
Кыргызстан. Кегети.

29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.

XS
SM
MD
LG