Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Египетте сот беш блогер аялды түрмөгө кести


Египетте паранжа жамынган аялдар. 15-февраль, 2020-жыл.

Египетте сот беш блогер аялдын ар бирин эки жылдан абакка кести. Алардын арасынан эки аялдын «Инстаграм» жана «TikTok» социалдык тармактарында жүз миңдеген катталуучулары бар.

Блогерлерге жана алардын жардамчыларына «адепсиздикке үгүттөшкөн жана адам аткезчилиги менен алектенишкен» деген айыптар коюлду.

Өкүмдө «алар Египеттин принциптерине жана баалуулуктарына» шек келтиришкени айтылды. Ошондой эле ар бир аял 19 миң доллардан айыпка жыгылды.

Кесилгендердин бири 20 жаштагы Ханин Хассанга аялдар менен эркектерди бири-бири менен тааныштырууга багыттаган видеосу үчүн айып коюлду. Бийлик муну акча үчүн секс-кызмат көрсөтүүгө теңеген.

Укук коргоочулар жана социалдык тармактардын колдонуучулары камалган аялдарды коргоо өнөктүгүн башташты. Алар бийликтин куугунтугун айыптап, эркин ой билдирүүгө бөгөт коюлуп жатканын айтышууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG