Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Лукашенко коронавирус менен ооруп айыкканын билдирди


Беларус президенти Александр Лукашенко Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугуп жатат. 28-июль, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугуп жатат. 28-июль, 2020-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко анализинен коронавирус табылганын, бирок анда оорунун белгилери болбогонун жана ал ооруканага жатпай эле айыгып кеткенин билдирди.

Бул тууралуу ал 28-июлда Минскиде аскерлер менен жолугушуп жатып айтты.

Үнү каргылданган 65 жаштагы Лукашенко: «Мен үнүм үчүн кечирим сурайм. Кийинки убакта көп сүйлөөгө туура келип жатат. Бирок эң таң калыштуусу - силер коронавирусту жеңген адам менен сүйлөшүп жатасыңар. Кечээ дарыгерлер ушундай бүтүм чыгарышты. Менде оорунун белгилери болгон жок», - деди.

Лукашенко бул илдет тууралуу кооптонгон пикирлерди бир нече жолу четке кагып келген. Ушул тапта Беларуста коронавирус менен ооругандардын саны 67 миңден көп. 543 адам андан көз жумду.

Лукашенко өзү 9-августта өтчү президенттик шайлоого камынып жүрөт.

Мамлекетти 25 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко быйыл оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда.

XS
SM
MD
LG