Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Талибдер менен ооган өкмөтү үч күнгө атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты


Ооганстанда Курман Айтка даярдык башталды. 27-июль, 2020-жыл.
Ооганстанда Курман Айтка даярдык башталды. 27-июль, 2020-жыл.

Талибдер жана Ооганстандын өкмөтү Курман Айт майрамына байланыштуу атышууну үч күнгө токтото турууну макулдашты.

«Талибан» кыймылы 28-июлда тараткан билдирүүдө: «Бардык можахеддерге Айт маалында үч күн, үч түн душманга каршы эч кандай операция жүргүзүүгө болбойт деген көрсөтмө берилди», - деп жазылган. Ошол эле учурда аларга кол салуу болсо «чечкиндүү жооп кайтаруу керек экени» жазылган.

Ооган өкмөтү да коопсуздук күчтөрүнө атышууну токтотуу режимин сактоого буйрук берилгенин билдирди.

Ушул тапта АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабул менен «Талибан» ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатында Пакистанга, Ооганстанга жана Катарга барууну пландоодо.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Талибдер АКШ менен НАТОнун аскерлерине кол салбаганы менен ооган коопсуздук күчтөрүнө дээрлик күн сайын чабуул коюп жатышат.

Кабул менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү туткун алмашуу жараянындагы пикир келишпестиктерден улам токтоп турат.

XS
SM
MD
LG