Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

«Twitter» АКШ президентинин уулунун баракчасын 12 саатка жапты


Дональд Трамп (кичүүсү) Капитолий дөңсөөсүндөгү чалгын боюнча көрсөтмө бериш үчүн Сенат комитетине келген учуру. Вашингтон. 12-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп (кичүүсү) Капитолий дөңсөөсүндөгү чалгын боюнча көрсөтмө бериш үчүн Сенат комитетине келген учуру. Вашингтон. 12-июнь, 2019-жыл.

Компаниянын билдирүүсү боюнча, кичүү Дональд Трамп коронавирус жөнүндө туура эмес маалымат жарыялаган. Пост өчүрүлгөн.

Трамп өзүнүн баракчасына «COVID-19 менен күрөшүүдө беткап коргой албайт» деген видео менен бөлүшкөн. Анда сүйлөп жаткандар лабораториялык кийимчен болгон. Тасмада безгекке каршы гидроксихлорохин каражаты дары экени айтылган. АКШда ал COVID-19ду айыктырууда колдонулган дарылардын тизмесинен чыгарылган. Тасмадагылар өздөрүн «Американын алдыңкы катардагы дарыгерлери» катары тааныштырган.

14 млн. киши көргөн тасманы мурдараак «Facebook» жана «YouTube» өчүргөн.

Бөгөт мезгилинде Трампка «Твиттерде» пост жарыялоого, ретвит жасоого жана башка постторду жактырууга уруксат жок.

«Twitter» май айында АКШнын президенти Дональд Трамптын кээ бир билдирүүлөрү такталбаганын белгилеген. Андан көп өтпөй Ак үйдүн башчысы социалдык тармактарды башкаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1996-жылы кабыл алынган ЖМКнын этикасы жөнүндө 230-беренеге оңдоолор киргизилиши мүмкүн. Бул берене соцтармак колдонуучуларын жарыялаган контент үчүн кылмыш жоопкерчилигинен сактайт. Бул мыйзам социалдык тармактарды басылма катары эмес, пикир билдирүүчү аянтча катары карайт. Жарлык соцтармак модераторунун жарыяланган контентти көзөмөлдөө укугун чектейт.

Трамптын сөзү боюнча, жарлык пикир билдирүү укугун жана демократияны коргойт, анткени чоң онлайн-платформалар бул же тигил окуяны талдоодо, цензура же маалыматтарды өчүрүүдө «көзөмөлсүз бийликке» ээ болушту. Президент Трамптын жарлыгын «Twitter», «Facebook» жана «Google» сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG