Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

«Бир Бол» партиясы саясий кеңешин толук жаңылады


«Бир Бол» партиясынын жаңыланган саясий кеңеши.
«Бир Бол» партиясынын жаңыланган саясий кеңеши.

«Бир Бол» саясий партиясынын саясий кеңешинин курамы 95% жаңыланды. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттыкка» кеңештин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

«Биздин команданын эң аксакалы - менмин. Менин жашым 51де. Калгандары 35-40тын тегерегиндеги жаш муун. Жетиле элек, жаш романтиктер эмес, турмушта такшалган, ар бири өз тармагында лидер боло алгандар. Өлкөдө 28 жылдан бери кыйынчылык чогулуп отуруп азыр «жаштар келсин, кан алмашсын. Саясий интригалардан жаратмандыкка өтөлү» деген коомдук заказ пайда болду. Биз ошол заказды аткарабыз деп ойлойм, анткени команда толук жаңырды».

Шыкмаматовдун айтымында, «Бир Болдун» саясий кеңеши 19 мүчөдөн турат. Ага партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдон башка «эскилерден» эч ким кирген жок.

«Бир Бол» - Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында мандатка ээ болгон алты партиянын бири жана анын фракциясы коалициялык көпчүлүктө. Фракциядагы 12 депутаттын дээрлик басымдуусуна карата ар кандай кинелер коюлуп, териштирүүлөр токтобой келатат.

«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү, партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов былтыр декабрда мандатынан баш тартып, партиядан чыкканын жарыялаган. Кийинчерээк парламенттик шайлоого «Бир Бол» саясий партиясы менен барарын билдирген.

Буга чейин «Ата Мекен», «Ак Шумкар», КЛДП партиялары жана бир катар саясатчылар, активисттер парламенттик шайлоого чогуу барарын жарыялашкан.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG