Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Түрк парламенти соцтармактарды тескеген мыйзам кабыл алды


Түркиянын парламенти. 12-январь, 2020-жыл. Анкара.
Түркиянын парламенти. 12-январь, 2020-жыл. Анкара.

Түркия парламенти 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алды.

Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды кароо үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрү ачышы зарыл. Ошондой эле атайын өкүл дайындалышы керек. Ал Түркиянын жараны болушу абзел.

Эгер бул шарттар аткарылбаса, компанияга айып пул чегерилип, жарнамаларга тыюу салынат жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгүн 90% чейин чектөө каралган.

Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, аталган социалдык тармактын колдонуучуларынын жеке маалыматтары Түркиянын аймагында сакталууга тийиш.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү бул мыйзам киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана колдонуучуларды коргоо максатында кабыл алынганын жүйө келтирип жатат.

Оппозиция бул мыйзам ансыз да маалымат каражаттары мамлекеттин катуу көзөмөлүнө алынган, ондогон журналисттер камакта отурган өлкөдө сөз эркиндигин ого бетер чектей турганын белгилешти.

Эркин пикир билдирүү ассоциациясынын маалыматына караганда, Түркияда 408 миңдей сайт жабылган. Социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн ондогон адамдар камалган.

XS
SM
MD
LG