Акыйкатчы Токон Мамытов 29-июлда Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, дарыгерлер менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматын салыштырып, текшерип чыгууну сунуш кылды. Ал дарыгерлердин коргонуучу каражаттар, дары-дармек менен камсыздалышына байланышкан маалыматтарды кылдат иликтөөгө чакырды. Анын пикиринде, министрлик медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө, тиешелүү жабдык-каражаттар менен камсыздоо боюнча талаштуу маселени эле чечпестен, алардын баарын, айрыкча «кызыл зонада» жана «Тез жардамда» иштегендерди коргошу керек.
«Дарыгерлер жаңы, толук изилденип бүтпөгөн инфекцияга каршы күрөштө алдыңкы катарда турат. Алардын укуктары корголуп, 100% аткарылышы керек. Анткени дарыгерлерден жана алардын өмүрүнүн коопсуздугунан Кыргызстан элинин өмүрү көз каранды», - деди ал.
Мамытов эгерде Таш-Көмүрдөгү бейтапкананын дарыгери айткан маалымат ырасталса, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги аймактагы ооруканаларды дары-дармек жана коргоочу кийимдер менен камсыздабаганы, медкызматкерлердин укугу бузулганы үчүн жооп бериши керек экенин айтты.
Соңку бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө ММКФнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын облус аймагындагы медициналык мекемелерге жазган каты кызуу талкууланып жатат. 24-июлда жазылган бул катта ооруканалардын жетекчилери дары-дармек жана жеке коргонуучу каражат жагынан жардам сурап демөөрчүлөргө кайрылган учурлар көбөйүп кеткени, өкмөттү ошентип жаманатты кылган жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.
ММКФ кат Таш-Көмүрдөгү абал боюнча Интернетте тараган кайрылуудан кийин жазылганын белгиледи. Таш-Көмүр аймактык ооруканасында баары жетиштүү экени, жада калса эсебинде бир миллион 572 миң сом ашыкча акчасы жана кошумча жөнөтүлгөн 94 миң сому бар экени айтылды.
Ага чейин Таш-Көмүрдөгү оорукананын дарыгеринин абал начар деген тариздеги билдирүүсү тараган.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаты жок иштегени, ооруну жумушунан жугузуп алганы тууралуу маалыматтар бар.