Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Исмаилова: Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга жеткирүү маселеси чечиле элек


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Кыргыз тарап укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгүн Бишкектен Өзбекстанга алып кетиш үчүн нота бере элек. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттык» радиосуна «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине сөөктү жеткирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу нота жөнөтүшү керек болчу:

«Нота бериши керек деп дүйнөнүн баары жазды. Алар унчуга элек. Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп берүүгө даярдыгын билдирүүдө. Кыргыз тараптан жооп жок. Күтүп жатабыз. Аялы инфракт болгону калды».

«Азаттык» радиосу бул жагдай тууралуу комментарий алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине 28-июлда жана 29-июлда кайрылып, так жооп ала алган жок. Мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев "Аскаровдун сөөгүн өзүнүн аманатына жараша балдары жашаган Өзбекстанга алып кетели десе ТИМден атайын кат керек экен?" деген суроого эгер кыргыз жарандары болсо ТИМдин Консулдук кызмат департаментине, эгер өзбек жарандары болсо Өзбекстандын ТИМине кайрылуусу керектигин билдирген.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Ага чейин ал Сокулуктагы №19 колонияда кармалып жаткан.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Маркумдун сөөгү азыр Бишкектеги өлүкканада жатат. Анын жубайы Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилери айтылган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. (RK)

XS
SM
MD
LG