29-июль күнү Өзгөн районунун администрациясынын алдына 100дөн ашуун киши чогулду. Алар Өзгөн районуна караштуу Заргер айылынын киши колдуу каза болгон 29 жаштагы тургунунун өлүмүн калыс тергөөнү талап кылышты. Бул туурасында Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев билдирди:
«Алар соттордон, милициядан «кылмышкерлерди соттоп бересиңер» деген талап коюп келишиптир. Биз көзөмөлгө аларыбызды айтып, түшүндүрдүк. Алар кылмыш кылгандар акча берип чыгып кетишинен чочулап жатышат».
Дыйканбаевдин айтымында, нааразылыкка чыккан маркумдун туугандары, айылдаштары бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн соң тарап кетишкен.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда нааразылык акциясынын учурунда эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес.
Таксистти өлтүрүү жана анын өлүмүн жашыруу үчүн шектүү төрт жарандын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынган.
Мурда таратылган маалыматтарга караганда жергиликтүү милиция автоунаасы менен кошо өрттөлгөн адамдын сөөгүн 27-июлда тапкан. 29 жаштагы такси айдоочу дайынсыз жоголгону тууралуу арыз менен жакындары 19-июлда кайрылган. (DU)