Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстанга көңүл айтууда


Бишкек. Аза күтүү күнү.
Бишкек. Аза күтүү күнү.

Чет өлкөлөрдүн башчылары жана эл аралык уюмдар кыргыз элине Коронавирустан каза болгондор боюнча аза күтүү күнүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго көңүл айткан каттарын жөнөтүп жатышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: «Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм», деп көңүл айтты.

Ошону менен катар казак лидери чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди. Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы бирге күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгын эске салды.

Беларус президенти Александр Лукашенко: «Беларус коронавирус илдетинин жайылышынан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө түзөрүнө ишенем», деп жазды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон: «Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктар тез арада сакайып кетишин каалайм. COVID-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө өкмөтү көрүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем», деп белгиледи көңүл айтуусунда.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Владимир Норовдун телеграммасында: «Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет», деп айтылды.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын этегинде башталган. Ошондон бери, расмий эсеп боюнча, бул илдет 35 миңге жакын адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына адатта ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө сунуш 21-июлда элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылардын президент менен жолугушуусунда айтылган.

27-июлда мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» жарлыкка кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG