Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:22

COVID-19: Оорудан каза болгондорго «Ата-Бейитте» куран окулду


«Ата-Бейит». 2020-жылдын 30-июлу.
«Ата-Бейит». 2020-жылдын 30-июлу.

30-июлда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, маркумдарга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.

Коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө сунуш 21-июлда элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылардын президент менен жолугушуусунда айтылган.

27-июлда мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» жарлыкка кол койгон.

Аза күтүү иш-чаралары бүгүн аймактарда да өтүп жатат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туу түшүрүлгөн. Өлкө ичиндеги маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын этегинде башталган. Ошондон бери, расмий эсеп боюнча, бул илдет 35 миңге жакын адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына адатта ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Оорукана жетишсиз болгондуктан үйүнөн өз алдынча дарылангандар да бар экенин, алардын айрымдары дарыгерге жетпей каза болуп жатканын «Азаттыкка» ыктыярчылар жана бейтаптардын жакындары айтып беришкен.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

«Азаттык» радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялап жатат. «Пандемия: Кимди жоготтук?» тизмеси аркылуу «Азаттык» маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди. (RK)

XS
SM
MD
LG