Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

Президент кайтыш болгон айрым коомдук ишмерлердин жакындарына жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков. Коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү. 2020-жылдын 30-июлу.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү. 2020-жылдын 30-июлу.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июлда коронавирустан каза болгон айрым коомдук жана саясий ишмерлердин үйлөрүнө барып, куран окутту.

«Азаттыкка» маалым болгондой, мамлекет башчысы эртең менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаевдин, Чыныбай Турсунбековдун, Кыргызстандагы туңгуч демократиялык кыймылды (КДК) жетектеген коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты Жыпар Жекшеевдин, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун үйлөрүнө барып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

Президент ошондой эле маркумдардын айрымдарынын жакындарына, уул-кыздарына өз-өзүнчө жолугуп, көңүл айтканы маалымдалды. Алардын катарында «Азаттык» радиосунун журналисти, коомдук ишмер маркум Бүбүкан Досалиеванын кызы да бар.

Бүгүн Кыргызстанда Жалпы элдик аза күтүү күнү жарыяланып, коронавирустун курмандыктары эскерилип жатат.

Эртең менен өлкө жетекчилиги «Ата-Бейитке» барып куран окутту. Кыргызстандын мамлекеттик туусу төмөндөтүлүп, оюн-зоок жана көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталды.

30-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан 1 364 адам каза болду. Оору жалпысынан 35 143 адамга жукту. Бул расмий маалымат. Июлдун башында ооруканада орун жок калгандыктан көп адам үйүндө жатып дарыланды, кээ бирлери дарыгерге жетпей каза болду.

Кайтыш болгондордун арасынан, расмий эмес эсеп боюнча, 60ка жакыны медицина кызматкери. Саламаттык сактоо министрлиги алардын так саны боюнча жаңы маалымат айта элек. Мекеме тараткан соңку маалыматта алардын саны он адамдын тегерегинде экени айтылган.

16-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте стационарда иштеп каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын үйүнө барып куран окутуп, ата-энесине көңүл айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG