Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Курман айт намазы да бул жолу мечиттерде жана аянттарда окулбайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

31-июлда Кыргызстандын мечиттеринде жана аянттарында Курман айт намазы окулбайт. Муфтият бул тууралуу 27-июлда билдирүү таратып, мындай чара коронавирус эпидемиясына байланыштуу көрүлүп жатканын жарыялаган.

Мусулмандардын дин башкармалыгы COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин жана илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербеш керек экенин белгилеген.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев элди мындай чечимди туура түшүнүү менен кабыл алып, Курман айт майрамын башкалардыкына айттап барбастан, үйдөн белгилөөгө чакырды.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Ошондон бери бул илдет 1,5 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды, жалпысынан 35 миңден ашуун адам ооруду.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.

Курман айттын алдында адатта мусулмандар Сауд Арабиясына ажылык сапарга барып келет. Быйыл пандемияга байланыштуу бул өлкө чет элдиктерди киргизген жок. Өзүнүн чектелүү сандагы жарандарына гана ажылык сапарга уруксат берди.

Кыргызстанда Курман айт жана Орозо айт мамлекеттик майрам катары белгиленет. Бишкектин Эски аянтында муфтийдин катышуусу менен айт намазы окулушу, ага миңдеген адам катышуусу салтка айланып калган.

Быйыл коронавируска байланыштуу 24-майдагы Орозо айт да чектөөлөр менен майрамдалган. Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды телевизор аркылуу түз эфирде куттуктаган.

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG