АКШнын Сенаты орусиялык миллиардерлер, ага-ини Аркадий менен Борис Ротенбергдер Кошмо Штаттар салган санкцияны кыйгап өтүп жүргөнү тууралуу баяндама жарыялады. Анда бир тууган олигархтар аукциондордо кымбат баалуу искусство предметтерин тымызын сатып алып жүрүшкөнү айтылат.
Баяндамагы ылайык, алар Москвадагы арт-дилердин жана америкалык жаран Григорий Бальцгердин ортомчулук кызматын пайдаланышкан жана АКШдагы аукциондордон жана жеке коллекционерлерден белгилүү сүрөтчүлөрдөн ондогон эмгектерди сатып алышкан. Ишкерлер буга 18 миллион долларын коротушкан. Жалпысынан алар соңку алты жылда 90 миллион долларлык финансылык операцияларды жүргүзүшкөн.
Бальцердин адвокаты анын орусиялык олигархтар менен байланышы тууралуу дооматты төгүндөдү. Ротенбергдердин өкүлү баяндаманы «акылга сыйгыс нерсе» деп атады жана ишкерлер санкцияны кыйгап өткөн ыкмаларды колдонбогонун айтты.
Бир тууган олигархтар Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин АКШ менен Европа Биримдигинин санкциясына илинишкен. Ага ылайык, Ротенбергдерге бул мамлекеттерде соода-сатык кылып, ишкерлик жүргүзүшүнө тыюу салынат.
Ротенбергдер орус президенти Владимир Путиндин көптөн берки жакын адамдары болуп эсептелет. Аларды мектепте окуп жүргөндө дзюдо, самбо боюнча бир устат машыктырган.
Ушул жылдын март айында Путин Аркадий Ротенберге «Крым көпүрөсүн куруудагы өзгөчө мээнетин» белгилеп, « «Эмгектин баатыры» деген наам ыйгарган. Ал эми анын агасы Бористи былтыр Александр Навский атындагы орден менен сыйлаган.