Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

АКШ Германиядагы аскерлерин 12 миңге азайтат


Трамп АКШнын Рамштайндагы базасында. Германия, 27-декабрь, 2018-жыл.
Трамп АКШнын Рамштайндагы базасында. Германия, 27-декабрь, 2018-жыл.

АКШнын Коргоо министрлиги 29-июлда Германиядан 12 миңдей жоокерди чыгарып кетүү тууралуу планын жарыялады. Ага ылайык, аскерлердин бир бөлүгү Белгия менен Италияга жайгыштырылмакчы.

Ушул тушта Германияда 34 миңден ашык америкалык жоокер бар. Алардын 6500дөйү биротоло үйлөрүнө кайтат, дагы 5600дөйү НАТОнун башка мамлекеттерине жайгаштырылат.

Германияда Европа өлкөлөрүнүн арасынан АКШнын эң чоң аскердик туруктуу контингенти жайгашкан.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өткөн айда Германиядагы америкалык аскерлердин санын азайтарын билдирген. Трамп немис бийлигин «буга чейин НАТОдогу милдеттерин аткарган жок, жетиштүү каражат бөлбөйт» деп айыптаган.

НАТОнун өкүлдөрү Вашингтондун мындай аракетине тынчсыздануусун билдиришкен. Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр «америкалык аскерлер Германиядан чыгарылса, биринчи кезекте Түндүк Атлантикалык Альянска зыяны көбүрөк тийет» деп эскерткен.

АКШдагы айрым конгрессмендер да Ак үйдүн бул кадамы Европада Орусиянын таасирин арттырышы мүмкүн экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG