Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстанда 73 медициналык кызматкер коронавирустан каза болду


22-июль, 2020-жыл.
22-июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болгонун билдирди.

Штабдын бүгүн, 30-июлда билдиргени боюнча, алардын ичинен 44ү дарыгер. Ал эми 18 адам орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, менчик мекемелерде иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Кыргызстандагы медициналык кызматкерлерден жалпы 2743 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 1664 адам оорудан айыгып чыкты. 73 адам вирустан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ушул тапта 1006 медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35 143 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1 131 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 24 474. Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG