Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

COVID-19: Бишкектеги кошумча ооруканаларда бош орун кайрадан азаюуда


Мурдагы «Ганси» авиабазасында ачылган оорукананын реанимация бөлүмү.
Мурдагы «Ганси» авиабазасында ачылган оорукананын реанимация бөлүмү.

Соңку эки күндөн бери Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн кошумча ачылган жайлардагы бош орундар кайрадан азая баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин 31-июлга карата расмий маалыматына караганда, жалпысынан 1 342 орун бош турат, эки күн мурда 1614 болчу.

Мурдагы «Ганси» авиабазасында кечээ 30-июлда эртең менен 551 орун бош турган, бүгүн 360 орун.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуккан жаңы учурлар боюнча көрсөткүчтө да бир аз өсүш байкалууда. 27-июлда Кыргызстанда бир суткада мындай илдет менен 483 адам жаңы катталса, 31-июлда 662 болду.

Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандар өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган. Мындан тышкары борбор калаада 13 күндүзгү жана үч түнкү стационар иштеп жатат.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 30-июлда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооругандар көп болуп жатканын айткан.

24-июлда Бишкектин «Тез жардам» кызматы жардам сурап чалгандар азая баштаганын, бирок оорунун толкуну дагы болушу ыктымал деген жоромол бар экенин билдирген.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө карантин алынгандан кийин оору кайра күчөгөн учурлар байкалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG