Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Ысык-Көл: милиция журналисттин кармалганын ырастады


Асылбек Бектенов.

Ысык-Көл облустук милициясы кармалган журналист расмий түрдө эч жерде иштебей турганын жана опузалап акча талап кылууга шектүү катары 48 саатка камакка алынганын билдирди.

Милициянын 31-июлдагы билдирүүсүндө, журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) жергиликтүү тургундун арызынын негизинде кармалганы айтылат.

"27-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ысык-Көл облустук башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыка чыгарбаш үчүн 200 миӊ сом талап кылып жатканын билдирген. Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен УКМКда катталып, Жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинин (Тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Акчаны опузалап жаткан шектүү адам Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты. 30-июлда Ысык-Көл облустук милициясынын тергөө кызматы жана уюшкан кылмыштуулуккка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ал кармалып, автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил катары 150 миӊ сом өлчөмүндө акча табылды",- деп жазылган маалыматта.

Кармалган Асылбек Бектенов социалдык тармактарда, "Фейсбукта" Асылбек Абдрахман деп катталган. Ал "Ачык саясат" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы экенин жана Ысык-Көлдө бийликтин алешемдиктерин жазганына байланыштуу кармалганын басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова билдирүүдө.

Облустук милиция сотко чейинки өндүрүштүн алкагында анын компромат деген материалдары текшерилерин кабарлады. (KS/NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG