Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Журналисттик бирикмелер Асылбек Бектеновдун кармалышына тынчсызданууда


Асылбек Бектенов.
Асылбек Бектенов.

Журналисттик бирикмелер Ички иштер министрлигинен (ИИМ) жана Башкы прокуратурадан караколдук кабарчы Асылбек Бектеновдун кармалышына байланыштуу толук маалымат берүүнү талап кылышты.

«Кыргызстандын журналисттеринин көз каранды эмес биримдиги» Бектенов жакында эле коррупциялык көрүнүштөр тууралуу бир нече иликтөө жарыялаганын, анын кармалганы таң калыштуу болуп жатканын 31-июлда белгиледи.

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» да биримдиктин кайрылуусуна колдоо билдирип, иштин чоо-жайын түшүндүрүүнү талап кылды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, Бектенов опузалап акча талап кылууга шектүү катары 30-июлда 48 саатка камакка алынды. Милициянын айтымында, журналист жергиликтүү тургундун «компромат маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 200 миӊ сом талап кылды» деген арызынын негизинде кармалган. Факт УКМКда Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен катталып, Жазык-процессуалдык кодекстин «Тергөөнүн караштуулугу» беренеси боюнча тергөө жүргүзүш үчүн материалдар Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кармалган Асылбек Бектенов социалдык түйүндөрдө, «Фейсбукта» Асылбек Абдрахман деп катталган.

«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова Бектенов басылманын штаттан тышкаркы кабарчысы экенин жана ал Ысык-Көлдө бийликтин алешемдиктерин жазганына байланыштуу кармалганын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG