1-августта Кыргызстандын көпчүлүк тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...16, күндүз 26…28;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…21, күндүз 32…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31 градус болот.