Бир катар Азия өлкөлөрүндө соңку апталарда коронавирус жуккан учурлар көбөйдү. Ушундан улам Кытай Шинжаң аймагынын борбору Үрүмчү шаарына келген-кеткендерге чектөө киргизди. Вьетнамдын Данаң шаарында соңку бир күндө өпкөнү сезгенткен илдет дагы 45 кишиден аныкталды жана бул пандемия маалындагы өлкөдөгү чоң көрсөткүч болуп калды.
Гонкондо соңку бир күндүн аралыгында коронавирус жуккан дагы 150 киши катталды. Шаар бийлиги жабык имараттардагы тамактануучу жайлардын ишине убактылуу тыюу салган, ошондон улам көчөдө, парктарда отуруп алып тамак жегендер көбөйгөн жана бул коомчулукта сын-доомат жараткан.
Филиппинде президент Родриго Дутерте 31-июлда Маниладагы карантиндик чектөөлөрдү август айынан ортосуна чейин узартты.
Австралияда акыркы 24 сааттын ичинде оорунун жугушу боюнча кезектеги антирекорд катталды, мындан бир күндө мурда COVID-19дан көз жумгандар боюнча көрсөткүч эң чоң чекке жеткен эле.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мамлекет башчыларын эл аралык каттамдарды жандантуудан мурда, анын тобоокелчигин, пайда-зыянын тыкыр иликтеп туруп чечим кабыл алууга чакырды.
Дүйнө жүзү боюнча ооругандардын жалпы саны 17,2 миллионго жетип, илдет 672 миңдей бейтаптын өмүрүн кыйды.