Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

SIGAR: пандемиянын айынан миллиондогон оогандар ачарчылыкка кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук уюм (SIGAR) бул өлкөдөгү жагдай боюнча атайын баяндама жарыялады. Анда коронавирус пандемиясынын айынан азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан кыйынчылыктар дагы тереңдегени, ушундан улам миллиондогон жарандар жакырчылыкка, ачарчылыкка кабылганы айтылат. Баяндамада согуштун айынан бүлүнгөн медициналык система азыркы абалга туруштук бере албай жатканы белгиленген. Ошондой эле токтобогон кагылыштар да кошул-ташыл болуп, дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири «гуманитардык катастрофага» жакындап калганы жазылган.

Ооганстанда коронавирус ушул жылдын февраль айында Ирандан жүз миңдеген мигранттар өз өлкөсүнө кайтып келгенде катталган. Соңку беш айдан бери оору өлкөнүн бардык аймагына жайылып кетти.

SIGAR даярдаган баяндамада 32,2 миллион адам жашаган өлкөдө болжол менен ар бир үчүнчү ооган жараны каатчылык абалга кабылганы көрсөтүлгөн.

Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча коронавирус 36,5 миң адамдан табылып, 1300дөй бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG