Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

Ооган бийлиги дагы 500 талиб жоочусун туткундан бошотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылы менен атышууну үч күнгө токтотуу тууралуу макулдашкандан кийин дагы 500 талиб жоочусун түрмөдөн чыгаруу тууралуу буйрук берди. Ал мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө ушуну менен Кабул баш-аягы 4600 адамды бошотконун маалымдады.

Ооган президенти калган 400 адам оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткандыктан, аларды бошотууга «ыйгарым укугу жок» экенин айтты. Гани бул туткундардын тагдырын эми Ооганстандагы элдик курултай - Лойя Жырга чечерин белгиледи. Ал «Талибанды» тынчтык сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча тез арада баштоого чакырды.

«Талибан» болсо АКШ менен кол коюлган тынчтык келишиминдеги шартка ылайык, бардык миң адамды бошотконун билдирип жатат.

Мунун алдында тирешкен тараптар Курман айт майрамына карата 31-июлдан тартып үч күнгө атышууну токтото турууну макулдашкан. Тынчтык сүйлөшүүлөрү келерки аптада башталып калышы ыктымал экени айтылып жатат.

Атышпоо режими күчүнө кирер алдында Логар провинциясында бомба жарылып, бери дегенде тогуз адамдын өмүрү кыйылып, 40тай киши жарадар болду. Талибдер соңку кандуу кол салууга байланыштуу жоопкерчилик алган жок.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

XS
SM
MD
LG