Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Жээнбеков түрк президенти Эрдоган менен телефондон сүйлөштү


Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. Архив.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен 31-июлда телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө сүйлөштү. Эрдоган кыргызстандыктарга жана Жээнбековго пандемияда каза болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

Ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кийинки жыйыны Түркияда өтө турганын белгилеп, кыргыз президенти менен жакында жолугушуу ниети бар экенин билдирди.

Түркияда жүздөгөн кыргыз мигранттары эмгектенет. Жакында эле Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев төрт мамлекет менен 1-августтан тарта туруктуу негизде аба каттамдарды уюштуруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. Ал төрт мамлекет - Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары.

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган эпидемияга байланыштуу убактылуу токтоткон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG